Site icon Reporter.kg

Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, 5 адам эвакуацияланды

Бишкек шаарынын Ибраимова көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыгып, 5 адам эвакуацияланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Өрттүн кесепетинен үйдүн кире бериш бөлмөсүндөгү дубалы күйгөн. Эвакуацияланган 5 адамдын экөө кан басымдары жогорулагандыктан тез жардам кызматына кайрылышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыккан.

Exit mobile version