Site icon Reporter.kg

Бишкекте турак үйдүн жер төлөсүнөн 20 кгдан ашык баңгизат табылды — видео

Бишкекте турак үйдүн жер төлөсүнөн 20 килограммдан ашык баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Эркин-Тоо көчөсүнөн И.М.нын башкаруусундагы «Форд Фокус» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Жүктү текшерүү учурунда желим баштык табылган, анын ичинен кочкул жашыл түстөгү кургатылган чөп түрүндөгү өзгөчө жыты бар, баңги заты – марихуанага окшош зат болгон.

Текшерүү учурунда өзгөчө жыты бар сүйрү формада басылган кочкул жашыл түстөгү зат дагы табылган.

И.М.дин үйүн тинтүүгө алган учурда жер төлөсүнөн синтетикалык баштык алынган, анын ичинен кара куурайдын өзгөчө жыты бар, ачык күрөң түстөгү порошок заты бар 8 целлофан баштык табылган.

И.М. «жүктү Бишкекке алып келүү үчүн ага Бусу лакап аттуу жигит берген жана ал жакынкы арада алып кетиши керек» деп түшүндүргөн. Ал жаран дагы кармалган.

Алынган баңги заттын салмагы болжол менен 22 килограммды түзгөн. Соттук-химиялык экспертиза дайындалды.

Exit mobile version