Site icon Reporter.kg

Бишкекте тургун 45 миң долларын шылуунга алдырып жиберген. Шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 28-мартта милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл февралда Б.А. аттуу жаран Россиядан 6 унаа алып келем берем деп 45 миң доллар алып, алдап кеткен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 44 жаштагы Б.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version