Site icon Reporter.kg

Бишкекте тургундан $22 миң алып, алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-ноябрда милицияга М.А. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 2021-жылы январда А. аттуу адам «Дубайда эт азыктарын саткан биргелешкен бизнес ачабыз» деп 22 миң доллар алып, алдап кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 36 жаштагы И.А. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Exit mobile version