Site icon Reporter.kg

Бишкекте тургундун 4,1 миң долларын алып, алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылык кылууга шектелип 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-ноябрда райондук милицияга У.И. аттуу жаран кайрылып, 30-майда «Улан» кичирайонунда К.В. аттуу жаран ишенимине кирип, башка бирөөгө таандык Mercedes-Benz унаасын ага сатууну убадалап, 4,1 миң доллар акчасын алып, жашырынып кеткенин билдирген.

Бул фактыга байлданыштуу Кылмыш кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 22 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалган. Райондук соттун чечими менен шектүү №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан же маалыматы бар жарандарды 0(701) 002-688, 0(500) 030-200, 0(709) 843-307 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version