Site icon Reporter.kg

Бишкекте тургунга бычак сайып, издөөдө жүргөн шектүү кармалды

Издөөдө жүргөн жаран адамды жүзүнөн тааныган камералардын жардамы менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2023-жылы 21-ноябрга караган түнү Бишкектин Фирсов көчөсүндө бир адам шаар тургунуна бычак сайып, окуя жеринен качып кеткен.

Аталган окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү издөөгө алынган. Ал Чүй облусунун 1986-жылы туулган Р.Р. аттуу жараны болуп чыккан.

Издөөдө жүргөн жаран 27-февралда Ош базарынын аймагында адамды жүзүнөн тааныган камеранын жардамы менен кармалды.

Exit mobile version