Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кайгуул милициясына жана муниципалдык кызматтарга түнкү тынчтык тууралуу мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды.
Мэриянын маалыматына ылайык, жарандардын тынчтыгын бузууга иш күндөрү саат 22:00дөн 7:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 9:00гө чейин тыюу салынат.
Бул чара шаар тургундарынын эс алуусун камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо максатын көздөйт.