Site icon Reporter.kg

Бишкекте U-23 олимпиадалык курамалар арасында эл аралык футбол мелдеши өтөт

17–23-июль күндөрү Бишкек шаарында футбол боюнча U-23 олимпиадалык курамалар арасында эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.

Мелдешке катышуучулар –Кыргызстан, Оман, Бахрейн, Сирия.

Оюндар Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо жана «Достук Арена» футбол клубунун стадионунда (Беш-Күңгөй) өтөт.

Турнирге оюн-зоок жана концерттик иш-чаралар коштолот:

Оюндун программасы :

Маалымат үчүн:  мелдеш — быйыл 1–9-сентябрда Бишкекте өтө турган Азия кубогунун (U-23) тандоо турунун алдындагы даярдык болуп саналат. Анда Кыргызстандын жаштар курамасы E тайпасында Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка менен ойнойт.

Exit mobile version