Site icon Reporter.kg

УКМК, ЖАК, милиция кызматкерлери таймашка түштү. Ким жеңди?

Бишкекте мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Мелдеш укук коргоо органдарынын кызматкерлери арасында өтүп, үч күңгө созулган.

Анын салтанаттуу ачылыш аземине ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов,  ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, Курман Кубатбеков, Абдулда Суранчиев, Кемелбек Киязов, Болотбек Ногойбаевдин жакын санаалаштары, туугандары жана балдары катышкан.

Бул турнирде УКМКнын, ИИМдин Ички аскерлеринин, Атайын багыттагы полкунун, Күзөт кызматынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облустук милициянын, Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлеринен куралган жалпы жети команда күч сынашкан.

Биринчи орунду ИИМдин Ички аскерлеринин, экинчи орунду ИИМдин Атайын багыттагы полкунун жана үчүнчү орунду УКМКнын жана Бишкек шаардык милициянын командалары  ээлешкен.

Турнирде «Эң жакшы ыкма» номинациясына ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчысы Дайырбек Карыяев, «Эң жакшы көтөрүп чабуу» номинациясына УКМКнын кызматкери Нурсултан Жумабеков жана «Жеңишке болгон эрки» номинациясына ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкери Кубат Сапарбаев татыктуу болгон.

«Иш-чаранын жыйынтыгында мелдешти ачык, акыйкаттуу жана адилеттүү өткөргөн калыстар тобун Бишкек шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаев медалдар менен сыйлады», — деп билдирет ИИМ.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version