УКМКнын Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрү жаңы имараттуу болду. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Имараттардын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, атайын кызматтын ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.
Атайын кызмат билдиргендей, жаңы имараттарда кызматкерлердин натыйжайлуу иштеши үчүн заманбап шарттар түзүлгөн.