Site icon Reporter.kg

Бишкекте улгайган аялды троллейбустан «сасып атасың» деп түшүрүп салган айдоочу иштен алынды

Бишкекте коомдук транспорттон улгайган аялды «сасып атасың» деп түшүрүп салган троллейбустун айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.

Окуя кечээ, 15-сентябрда Бишкек шаарындагы №11-каттамдагы троллейбустардын биринде болгон. Интернет колдонуучулары айдоочунун улгайган адамга кылган мамилесин сынга алышкан.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Мукай Асанов айдоочу берене менен иштен кетерин билдирди.

«Ал троллейбустагы жүргүнчүлөрдүн түшүрүп салуу талабы болгонун, ошондон улам ушундай кадамга барганын айтты. Жүргүнчүлөр суранган күндө да айдоочу мындай ишти жасабашы керек болчу. Ал кандай берене менен кетерин кадрдык бөлүм чечет», — деп маалымдады ал.

 

Exit mobile version