Бишкекте улгайган аялды унаа коюп кетип каза болду. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.
Окуя бүгүн, 4-март күнү эртең мененки саат 07:30дар чамасында Лев Толстой жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Аял кырсык болгон жерден мерт кеткен.
«Nissan үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу Лев Толстой көчөсүндө күн батышты көздөй бара жатып, 77 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп алган», — деп айтылат маалыматта.
Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.