Site icon Reporter.kg

Бишкекте улуттук маркетплейстердин форуму өтүүдө

Кечээ Бишкекте электрондук соода, санариптик логистика жана төлөм инфраструктурасынын келечегин талкуулай турган улуттук маркетплейстердин форуму өз ишин баштады.

Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Форумдун негизги максаты — улуттук маркетплейстерди өнүктүрүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана электрондук соода тармагында туруктуу B2B экосистемасын түзүү. Иш-чаранын алкагында санарип платформалар, логистика, жасалма интеллект технологиялары жана финтех кызматтар боюнча панелдик талкуулар өтүп жатат.

Ошондой эле Кыргызстандын алдыңкы маркетплейстеринин презентациялары көрсөтүлүп, логистикалык жана финтех компаниялар менен B2B жолугушуулар уюштурулган.

Министрликтин маалыматына ылайык, электрондук соода өлкөнүн санариптик трансформациясынын маанилүү багыты болуп саналат жана ишкерлер үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет.

 

 

 

 

Exit mobile version