Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 100 жашка чыкты

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 100 жашка чыкты

27-сентябрда Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Голиковго барып, 100 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ардагер Бишкектеги 6- кичи районунда жашайт, ал негизинен бардык убактысын китеп окууга, кроссворддорду чечүүгө жумшайт.

Иван Голиков Түштүк-Батыш фронтунда согушкан. Ал ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Согуштан кийин Магадан облусундагы Дальстрой трестинде куруучу болуп иштеп, кийин Кыргызстанга көчүп келип, пенсияга чыкканга чейин курулуш тармагында эмгектенген.

Белгиленгендей, борбор калаада Улуу Ата Мекендик согуштун 13 майыпы,  42 катышуучусу, жашы жете элек 12 концлагерь туткуну, Ленинграддын 10 блокадасы, 240 тылдын эмгекчиси калды. Алардын 55и майып, бирөө эмгек жоокери.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>