Site icon Reporter.kg

Бишкекте унаа чуркап бараткан кызды сүзүп кетти — видео

Бишкекте «Баят» базарынын жанында бир кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу активист Эртай SFR социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Видеодо кыз жолдон туура эмес жерде чуркап, айдоочу тормозду басууга үлгүрбөй аны сүзүп кеткен.

Патрулдук милициянын басма сөз кызматы Reporter.kg’ге бул факт боюнча алар менен байланышпаганын билдирди.

Белгилей кетсек, видеодо 30.06.2013. датасы көрсөтүлгөн.

Exit mobile version