Бишкекте унаа кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды

Бишкекте унаа кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды

Бишкектин  Матросов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде  болгон жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айтылган даректе “Мерседес-Бенц”, “Тойота Ипсум”  унаалары  жана Мотоцикл катышкан жол кырсыгы болгон.

Жол кырсыгынын кесепетинен Мотоцклдин айдоочусу окуя болгон жерден көз жумган.

Азыркы учурда жол кырсыгы катталган жерде Милициянын кайгуул кызматы иштеп жатат.

Буга чейин аталган жол кырсыгы тууралуу “Репортерге” окурман кабарлап, кырсык 26-май күнү саат 08:40 чамаларында болгонун айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>