Site icon Reporter.kg

Бишкекте унаа уурдагандар колго түштү — сүрөт

мигалка, полиция, милиция

Бишкекте унаа уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын жетекчилиги билдирди.

Милицияга Ахунбаев менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Патрулдук милициянын кызматкерлери эки шектүүнү таап, кармашкан. Алар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Exit mobile version