Бишкекте айдоочу 2 жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Алар ооруканада

Бишкекте айдоочу 2 жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Алар ооруканада

Бишкекте кечээ, 29-январда 2 жөө адамды унаасы менен сүзүп кеткен. Учурда жабырлануучулар  Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланууда. Бул тууралуу Патрулдук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Патрулдук милициянын маалыматында, окуя Бишкектеги Жибек-Жолу көчөсүндө орун алды. Анда саат 19:20 чамасында 1991-жылы туулган А.Ж. аттуу айдоочу №165 үйдүн жанынан 2 жөө адамды сүзүп кетти. Анын кесепетинен 1995-жылы туулган Ш.К. башынан жаракат алса, 1934-жылы туулган Д.Д. көкүрөгүнөн жаракат алды.

Аталган факт боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>