Site icon Reporter.kg

Бишкекте унаалардын катализаторлору текшерилди

Бишкекте унаалардын катализаторун текшерүү боюнча рейд уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Рейдге мэрия, Экология министрлиги, Муниципалдык инспекция, кайгуул кызматкерлери катышып, шаардагы унаалардын катализоторлору жана унаалардан бөлүнүп чыккан түтүндүн зыяндуулугу текшерилген.

Жыйынтыгында борбор калаадагы унаалардын көбү көмүр кычкыл газын нормадан ашыкча бөлүп чыгары, айрым унааларда түтүндү чыпкалай турган катализатор жок экени аныкталган.

Мындан улам мэрия катализатор сатуучу жайларды уюштурууну пландоодо. Ал жакта катализаторлор базар баасынан үч эсе арзан сатылат.

Ошондой эле мэрия катализатору жок жана абаны булгаган унаа ээлерине айып салынарын эскертет.

Бишкекте расмий түрдө 400 миң унаа катталган. Шаар сыртынан келген унааларды кошкондо борбор калаада күнүнө 500 миңден ашык унаа жолго чыгат.

Exit mobile version