Site icon Reporter.kg

Бишкекте унаанын айнегин талкалап, уурулук кылгандардын видеосу

Бишкекте унаадан акча жана телефон уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-февралда милицияга У.А. аттуу жаран кайрылып, 9-февралда болжол менен саат 13:50дө «Чыгыш-5» кичирайонунда белгисиз адамдар унаасынын алдыңкы каптал айнегин талкалап, унаадагы 50 миң сом салынган сумкасын жана Samsung H20 телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси боюнча (Уурдоо) кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 35 жаштагы К.Э. жана 34 жаштагы У.М. аттуу жарандар кармалып, убактылу кармоочу жайга камакка алывнган.

Учурда алардын башка уурдоо иштерине катыштыгы такталууда.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0(702) 169-999 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version