Site icon Reporter.kg

Бишкекте унаасын жашыл чөп өскөн жерге токтоткон айдоочулар айыпка жыгылды

Бишкекте жашыл чөп өскөн жерге унааларын токтоткон айдоочулар айыпка жыгылды. Бул тууралуу мэриянын Муниципалдык инспекциясынан билдиришти.

Инспекциянын маалыматы боюнча, алар рейд учурунда 5 айдоочуга жалпы 27,5 миң сом айып салган.

Укук бузуулар кодексине ылайык жайыл чөп өскөн жерге унаасын токтоткондорго 5,5 миден 17 миң сомго чейинки өлчөмдө айып пул каралган.

Exit mobile version