Бишкекте жубайлардын урушунун айынан аял каза болду. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, бүгүн, 15-ноябрда эртең менен «102» кызматына шаардагы ооруканалардын биринен бычактан жараат алган 27 жаштагы келин эсине келбей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт милицияда каттоого алынган. Териштирүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Шералиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жубайлар кызганычтан улам уруша кетип, бири-бирине бычактан жараат келтирген. Натыйжада аларды туугандары ооруканага жеткирген.
Бирок 27 жаштагы келин (Н.А.) эсине келбей ооруканада көз жумган. Ал эми анын 34 жаштагы күйөөсү (А.Р.) реанимацияда жатат. Аны кайтаруу үчүн палатага милиция кызматкерлери коюлган.
Милиция окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын, кошумча маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.