Site icon Reporter.kg

Бишкекте уу-коргошун менен дарыланган 2 киши ооруканага түштү

Бишкек шаарында уу-коргошун менен өз алдынча дарыланган дагы 2 киши ооруканага түштү. Бул тууралуу борбор каладаагы травматология бөлүмүнөн тастыкташкан.

Маалыматка ылайык, уу-коргошундан ууланган эки бейтап Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө жатат.

Алардын абалы оор эмес. Алар өзүлөрү тундурма даярдап, өз алдынча дарыланышкан. Бейтаптардын биринде рак бар болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте уу-коргошунга ууланган адам тез жардам кызматы аркылуу ооруканага түшкөнү айтылган.

 

Exit mobile version