Бишкекте уу-коргошунга ууланган киши ооруканага түштү      

Бишкекте уу-коргошунга ууланган киши ооруканага түштү       

Бишкекте 63 жаштагы киши уу-коргошундан ууланып тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилди. Мындай маалыматты Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 20-апрелде таңкы саат 5.00дө болгон. Тез жардам кызматы чакыруу болгон жерге барганда 63 жаштагы киши өтө оор абалда экени аныкталып, аны Кардиология жана терапия улуттук борборуна жеткирген. Бейтап ооруканага барганда уу-коргошун ичкенин айткан.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу-коргошун менен дарылап жатканын айтып, бүгүнкү күндө 300дөн ашуун адам инфекциядан айыкканын билдирген. Ошондой эле дарыны Садыр Жапаров менен өзү кайнатып жатканын жана анын дозасын президент гана билерин айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>