Site icon Reporter.kg

Бишкекте уурулукка шектелип аял менен эркек кармалды

Бишкекте телефон уурдоого шектелип аял менен эркек киши кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 28-октябрда милицияга аял киши кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 13:00до Чүй проспектисиндеги соода борборунда белгисиз адамдар 13,5 миң сомдук Redmi 12 телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 40 жаштагы М.К. жана 39 жаштагы Б.Р. аттуу жарандар кармалган.

Ленин райондук соттун чечими менен шектүүлөр №1 тергөө абагына бир айга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, тергөө амалдары учурунда шектүүлөр уурдалган телефонду өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version