Бишкекте эки жаш жигит уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынна билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-ноябрда милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 12-ноябрга караган түнү саат 03:00 чамасында белгисиз адамдар «Ак-Ордо» конушундагы үйдүн жанынан «КамАз» унаасынын 30 миң сомдук аккумуляторун уурдап кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 21 жаштагы М.Ж. жана 22 жаштагы Ж.А. аттту жарандар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Тергөө амалдары учурунда темир-тезек сатып алган жайдан уурдалган аккумулятор табылып алынган.
Милиция кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун текшерүүдө.
Учурда тергөө иштери уланууда.