Бүгүн, 2025-жылдын 31-майында борбор калаада V эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, КРнын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, Венгрия CIOFFунун президенти, Дүйнөлүк CIOFFтун балдар фольклордиадасы жана балдар фестивалдары боюнча комиссиясынын төрагасы Йозеф Стигетвари, ошондой эле ардактуу коноктор катышты.
Мэр Айбек Джунушалиев куттуктоо сөзүндө, фестиваль – бул салт менен заманбаптык, балдардын чын ыкластуулугу менен элдик өнөрдүн кылымдарды карыткан даанышмандыгы, улуттук аң-сезим менен эл аралык өз ара түшүнүшүү жолугушкан өзгөчө мейкиндик экенин белгиледи.
«Кадыр-барктуу жана жыл сайын кучагын жайып бараткан «Наристе» Эл аралык фестивалы, балдардын жарык жана куттуу майрамына туш келиши жакшы саамалык. Биз балдарыбыздын жаркын келечеги, бакубат жашоосу, өсүп өнүгүүсү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап келебиз, анткени балдар өлкөнүн келечеги жана бактысы. «Наристе» фестивалынын программасы өтө кызыктуу жана мазмундуу болот деп ишенем жана фестивалды уюштурууга жана өткөрүүгө жардам бергендердин бардыгына терең ыраазычылык билдиремин!», — деп кошумчалады мэр.
Фестивалдын негизги максаты-өз ара түшүнүшүүнү жакшыртууга, этностук, маданий, тилдик топтордун жана улуттардын ортосундагы мамиле тилектештигин бекемдөөгө, маданиятты мындан ары да өз ара байытууга, эл аралык маданий кызматташтыкка жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүү.
Фестивалга Венгрия, Кытай Эл Республикасы, Монголия, Болгария, Индия, Казакстан, Түркия Республикасы, ошондой эле Россия Федерациясынан Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск шаарлары, Тыва Республикасы жана Татарстан Республикасынын чыгармачыл жамааттары катышууда.
Ошондой эле фестивалга Кыргызстандын жети облусунан келген Эл аралык жана Бишкек Дельфи оюндарынын жеңүүчүлөрү катышып жатат.
Фестивалдын программасы фольклордук бий жана аспаптык ансамблдердин чыгууларын, мастер-класстар, эл аралык конференцияларды, элдик колдонмо искусство көргөзмөлөрдү, маданий долбоорлордун презентацияларын жана Бишкектин тарыхый-маданий объектилерине экскурсияларды камтыйт.
Эскерте кетсек, 1-июнда саат 19:00дө «Ала-Тоо» аянтында фестивалдын катышуучуларынын жана борбор калаанын чыгармачыл жамааттарынын майрамдык концерти өтөт, ошондой эле кече майрамдык дискотека менен уланат.