Site icon Reporter.kg

Бишкекте велосезон расмий ачылды

Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында “Велосезон–2025” аттуу салтка айланган веложүрүш өттү. Иш-чарага жүздөгөн шаардыктар — велосипед сүйүүчүлөр жана активдүү жашоо образын жактагандар катышты.

Мэриядан билдиришкендей, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркындагы эстеликтен башталып, “Газпром-балдарга” дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплексинде аяктады. Катышуучулар 5,5 чакырым аралыкты велосипед тээп өтүштү. Жүрүш соңунда атайын майрамдык программа уюштурулду.

Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева да катышып, шаардыктарды куттуктап, Бишкекте вело спортун өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, тез жардам унаалары жана ыктыярчылар тартылды. Велоколонна жол эрежелерин сактоо менен, тартиптүү жана коопсуз түрдө жылып, көрсөтүлгөн жерге жетип келишти.

Спорттук иш-чараны  Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана Бишкек шаарынын велоспорт федерациясы уюштуруп, велосезондун ачылышын салтанаттуу өткөрүштү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version