Site icon Reporter.kg

Бишкекте веложүрүш өтөт

Бишкек шаарында «Ден соолук менден башталат!» деген ураан менен веложүрүш өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Президенттин администрациясы менен биргеликте «Вело friends позитив kg» коомдук уюмунун жана «Алтын дөңгөлөк» велоклубунун колдоосу менен 28-августта өткөрүлөт.

Иш-чаранын программасына ылайык, веложүрүш Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында таңкы саат 9:00дө башталат.

Мэрия бардык велосипедчилерди жүрүшкө катышууга чакырды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version