Бишкекте видео камераларды орнотуу уланууда. Свердлов районунда жүзүн таануучу 15 видеокөзөмөл пайда болду. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Алар мыйзам жана тартип бузгандарды дагы каттоодо.
Муниципалитет таштандыны туура эмес жерге таштагандар дагы көзөмөлгө алынарын айтып, ал үчүн 5 500 — 17 000 сомго чейин айыппул каралганын эскертет.