Site icon Reporter.kg

Бишкекте волейбол боюнча президенттин кубогу башталды

Бишкектеги Каба уулу Кожолкул атындагы спорт ортосунда волейбол боюнча клубдар арасында федерациянын президентинин кубогу өтүүдө. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген командалар катышып жатат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Белгилей кетсек, жарым финалдык жана финалдык беттештер 11-12-декабрь күндөрү «Газпром балдарга» ден-соолукту чыңдоо борборунда өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version