Бишкекте “Ы” тамгасына эстелик орнотулат. Анын ачылышы 29-апрелде Бишкек шаарынын күнүнө арналат.
Уюштуруучулардын маалыматында, кыргызча-орусча сөздүктө “Ы” тамгасынан башталган 600дөн ашык сөз бар. Курамында бул тыбыш болгондугунун натыйжасында “Кыргыз”, “Кыргыз эли”, “Кыргызстан” деген бренддер сырткы дүйнө тарабынан чын жүрөктөн жана татыктуу кабыл алынган.
Арт-объект кьюар-код менен жабдылат: «Ынтымак» паркына келген коноктор Кыргызстан жөнүндө негизги маалыматтарды: географиялык маалыматты, өлкөнүн жана анын элинин кыскача тарыхын, кыскача орусча-кыргызча сөздүктү жана сүйлөшмөнү ала алышат. Маалымат эки тилде: мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдеринде жарыяланат.
«Ы» тамгасына эстелик буга чейин Россияда орнотулган.