Site icon Reporter.kg

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм жарыкка келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 20-июнунда перинаталдык борбордо бир уул жана эки кыз төрөлдү. Биринчи ымыркай 1 кг 400 гр, ал эми кыздар 1 кг 740 гр жана 1 кг 690 гр салмакта төрөлгөн.

“Бул Чүй облусунун 33 жаштагы тургунунун экинчи төрөтү. Төрөт мөөнөтүнөн мурда 33-жумада болгон. Ымыркайлар 3 күн реанимация жана интенсивдүү терапия шартында болуп, абалы турукташкандан кийин 23-июнда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын экинчи этаптагы кам көрүү бөлүмүнө которулган”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда үч эм апасынын жанында дарыланууну улантышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version