Site icon Reporter.kg

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкек шаарынын №2 Клиникалык төрөт үйүндө үч эм төрөлдү. Үчөө тең эркек. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, 37 жаштагы Нурзида Садырбаеванын үч уулду жарык дүйнөгө алып келди. Биринчи баланын салмагы-2360 гр, бою 42 см, экинчиси — 1900 гр, бою 40см, үчүнчүсү-2490 гр, бою 50см.

Үч эм 20-декабрда саат 10:06да төрөлдү. Төрөт медициналык себептерден улам 35-жумада ыкчам жүргүзүлгөн. Операциядан кийинки мезгил өзгөчөлүксүз өтүүдө.

Эне менен балдардын абалы канааттандырарлык. Учурда алар эрте төрөлгөн балдар бөлүмүндө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version