Site icon Reporter.kg

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ымыркайлардын үчөө тең эркек бала. Алар 19-апрелде перинаталдык борбордо кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келген. Балдар 1930 грамм, 2660 грамм жана 2660 грамм салмак менен төрөлдү. Ымыркайлардын энеси 35 жашта.

«Алгачкы суткада наристелер реанимация бөлүмүндө көзөмөлдө болушкан. Бүгүнкү күндө алар ара төрөлгөн ымыркайларга кам көрүүнүн 2-баскычындагы бөлүмдө. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана эненин абалы канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version