Site icon Reporter.kg

Бишкекте төрт мектептин окуучулары эвакуацияланды

Бишкектин Свердлов районундагы үч мектепке жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат түштү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 20-январда саат 09:30да Бишкек шаардык милициясына №33, Сейтек мектептеринин жана Ч. Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинин электрондук почтасына жардыруучу зат коюлганы тууралуу кат келгени боюнча маалымат түшкөн.

Бул фактыга байланыштуу окуя жерлерине райондук милициянын тергөө ыкчам тобу барган. Аталган мектептердин аймактары курчоого алынып, окуучулар менен мектепте иштегендер эвакуацияланган.

Учурда жеринде ИИМдин кинологдору тиешелүү иштерди алып барууда.

Ошондой эле Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн болжол менен саат 10:00до «Илим» окуу-тарбиялык борборунун электрондук почтасына жардыруучу зат коюлганы тууралуу кат келгени боюнча маалымат түшкөн. Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, мектептин окуучулары менен кызматкерлери эвакуация болгон. Мектеп курчоого алынган.

Жеринде иш алып барган адистер жардыруучу затты тапкан эмес.

Учурда бул окуяга тиешеси бар адамдарды издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version