Site icon Reporter.kg

Бишкекте үч түнкү клубга УКМК рейд жүргүздү Экөөнө мөөр басылып, бирөөсүнө эскертүү берилди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкектеги «Катс», «Комбинат Плюр» жана «Нокс» түнкү клубдарын текшерди. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.

Маалыматка ылайык, «Катс» жана «Комбинат Плюр» түнкү клубдары жаштарды “ЛГБТ өкүлдөрүнө тартуу”, баңгизат колдонууга шарт түзүү жана коомдук тартипти бузуу аракеттери менен шектелип, толугу менен жабылды.

Текшерүү маалында аталган эки жайдан психотроптук жана “аптекалык баңги” каражаттары табылган.

Ал эми «Нокс» түнкү клубунун дааратканаларынан ак порошок салынган пакеттер табылып, клубдун ээси жана администратору менен түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

Табылган заттар боюнча экспертизалар дайындалып, алардын жыйынтыгына жараша менчик ээлерине жана кызматкерлерге укуктук баа берилери белгиленди.

УКМК сойкулук жана “салттуу эмес сойкулукка” шарт түзүү да мыйзамга каршы келип, жаза чаралары каралганын эскертип өттү.

Exit mobile version