Site icon Reporter.kg

Бишкектеги үйдөн 90 миң сомдук буюм уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте үйлөргө кирип, уурулук кылууга шектелип 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-ноябрда Октябр райондук милициясына Б.Д. аттуу жарана кайрылып, ошол эле күнү саат 14:00-21:40 аралыгында белгисиз жарандар 6-кичи районундагы үйүнө терезе аркылуу кирип, алтын буюмдарын жана Dell үлгүсүндөгү ноутбугун уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген зыян 90 миң сомду түзгөн.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Ч.Ж. аттуу жаран кармалган. Райондук соттун чечими менен шектүү №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу такталууда. Иликтөө иштери уланууда.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалымат бар жарандарды 0500 713 377, 0550 102 360 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version