Site icon Reporter.kg

Бишкекте ыктыярчылар чет элдиктерге жардам берип жатышат

Кыргызстандык ыктыярчылар Бишкек шаарындагы чет элдик жарандарга жардам берип жатышат.

Ыктыярчы Перизат Анарбек кызы соцтармак аркылуу билдиргендей, алар 18-майга караган түнү болгон окуядан кийин коркуп, үйдөн чыга албай отурган чет элдик студенттерге тамак-аш менен жардам көрсөтүп жатышат.

Алар жалпы 17 батирдеги жана хостелдеги чет элдиктерге азык-түлүк жеткирип беришкен. Каражатты кайдыгер эмес кыргызстандыктар чогултушкан. Жардам көрсөтүү уланууда.

Белгилей кетсек, Бишкектеги хостелдердин биринин алдында чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда массалык мушташ болуп, андан кийин 18-майга караган түнү Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде 200-300дөй адам чогулган.

Кийинчерээк Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында 18-майга караган түнү болгон окуянын хронологиясын жарыялаган.

19-майда Пакистандын 180ге жакын жараны атайын рейс менен Бишкектен учуп кетишкен.

Пакистандык студенттердин биринчи тобу Бишкектен учуп кетишти (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version