Бишкекте Юридикалык академиянын студенттери борборду канткенде кара түтүндөн арылабыз деген мыйзам жазышты

Бишкекте Юридикалык академиянын студенттери борборду канткенде кара түтүндөн арылабыз деген мыйзам жазышты

Бишкекте Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын студенттери мыйзам жазуу тууралуу сынак өткөрүштү. Сынакты аталган окуу жайдын Ислам укуктары факультетинин студенттери өткөрүштү. Бул тууралуу аталган факультеттин студентти Элина Тагаева билдирди.

Ал сынактын негизги максаты араб тилин өнүктүрүүгө багытталганын айтып, ошол тилде Кыргызстанга керектүү мыйзам долбоорун жазып баяндап берүү керектигин белгиледи.

«Биздин сынак бир гана араб тилине эмес, көйгөйлүү маселелерди да көтөрүү болду. Ошол себептен катышуучуларга мыйзам долбоорлорун жазуу тапшырмалары берилген. Мисалы, бир университет «борбордогу кара түтүндөн кантип арылабыз» деген темада мыйзам долбоорун жазса, экинчиси, «Кыргызстанды канткенде туризмдин өлкөсү кылабыз» деген темаларга багытталган мыйзам долбоорлорун жазышып, аны араб тилинде баяндама жасашты», — деп кабарлады Элина Тагаева.

Мындан тышкары Тагаева төмөндөгүлөргө да токтолду.

«Биздин интеллектуалдык оюндун эн башкы максаты бул араб тилин өнүктүрүү. Мамлекетибизде араб тилине болгон кызыгуулар жана талаптар жогору. Ошол себептен биз «Бүткүл дүйнөлүк араб тили күнүнө» карата майрамдык оюн уюштурдук. Бул иш-чара менен студенттердин окууга ошол эле учурда араб тилине көңүл буруусун камсыздагыбыз келди», — деди ал.

Белгилей кетсек, иш-чарага 4 окуу жайдын студенттери келип катышты.

Алар:
Эл аралык Кувейт Университети;
Кыргызстан Ислам Университети;
Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети;
Дипломатиялык Академия.
Сынактын жыйынтыгында:
1-орун. Эл аралык Кувейт Университети
2-орун. Кыргызстан Ислам Университети,ал эми
3-орунга Дипломатиялык Академия ээ болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>