Site icon Reporter.kg

Бишкекте заманбап медиа мектеп өз ишин башады

18-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде биринчи окуу тренинги өттү. Иш-чара “Медиа жана тил саясаты: кыргыз тилинин өнүгүшүндө журналистиканын ролу” деген темага арналды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев талкууланып жаткан маселелердин маанилүүлүгүнө токтолду. Анын пикиринде, заманбап журналистика маалыматты жайылтууда кубаттуу потенциалга ээ жана сапаттуу медиа контентти түзүү аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт. Долбоор тренингдерди өткөрүүнүн үзгүлтүксүз форматын карайт – айына бир жолудан кем эмес.

Exit mobile version