Жол эрежесин билбейби? Бишкекте автобустардын айдоочуларынын жарымынан көбү тесттен өткөн жок

Жол эрежесин билбейби? Бишкекте автобустардын айдоочуларынын жарымынан көбү тесттен өткөн жок

9-11-октябрда Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрдү ташыган автотранспорттук ишканасындагы айдоочулар жол кыймылынын эрежелери жана муниципалдык транспортту техникалык жактан пайдалануу боюнча тест тапшырышты. Тесттин жыйынтыгында 343 айдоочунун ичинен 188и талап кылынган упайга жеткен жок. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, автобустардын айдоочулары талап кылынган 54,8% упайдан жогору ала алышкан жок. Сынакка 24 айдоочу жүйөлүү себептер менен катышкан жок.

Сынактан өтпөй калган айдоочулар даярданып, 15-16-октябрь күндөрү кайрадан тест тапшырышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>