Site icon Reporter.kg

Бишкекте жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн өрт чыкты

Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушуна курулуп жаткан көп кабатту үйдүн чатырынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Такталгандай, өрт тууралуу маалымат саат 13:53тө келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы үч бөлүм тартылган.

Учурда өрт өчүрүүчүлөр жеринде иштеп жатат.

Exit mobile version