Бишкекте «Жал» кичи району жакта 20-февралда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Суу турак үй, мектеп, бала бакча, оорукана жана башка объекттерде саат 10:00дон 16:00го чейин жок болот.
Таза суу түтүктөр оңдоло турганына байланыштуу өчүрүлөт.
Өчүрүү району: Тыналиев көчөсү – Минжылкиевден Ахунбаев көчөсүнө чейин
«Бишкексууканал» ишканасы жарандардан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана суу алдын ала камдап алууга чакырат.