Бишкекте 4-6-ноябрда Бишкектин жана Чүй облусундагы көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Жолдор Түркиянын президентинин мамлекеттик сапарына жана Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтө тургандыгына байланыштуу жабылып турмакчы.
Чектөө кире турган көчөлөр:
- «Манас» аэропорту – Бишкек жолу
- Чүй проспекти Фучик көчөсүнөн Манаска чейин
- Манас жана Айматов проспектиси «Ала-Арча»мамлекеттик резиденциясына чейин.
Кайгуул кызматы айдоочуларды аталган көчөлөрдүн жээктерине унааларын калтырбоону, зарыл болбосо, жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпоого, жол эрежесин сактоого чакырат.