Site icon Reporter.kg

Шашылыш билдирүү: Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болот

MOSCOW, RUSSIA Ц JUNE 30, 2017: A tree fallen on a car during a heavy storm. Sergei Savostyanov/TASS –осси€. ћосква. 30 июн€ 2017. јвтомобиль, поврежденный упавшим деревом, на Ћенинском проспекте. —ергей —авость€нов/“ј——

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы үч саат аралыгында, ошондой эле кечинде катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

«Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, бак-дарактардан, электр чубалгыларынан алыс болуңуздар. Табият кубулушунун кырдаалына күбө болсоңуз «112» кызматына билдириңиз», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version