Site icon Reporter.kg

Бишкекте жаңы перинаталдык борбордун курулушу аяктады  

Бүгүн, 8-январда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы Перинаталдык борборунун ачылышына карата даярдык иштери менен таанышты. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун перинаталдык борборунун курулушу аяктады. Учурда медициналык жабдууларды орнотуу, ошондой эле борбордун айлана-тегерегин көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта жаңы перинаталдык борбордун расмий ачылышы пландалууда.

Эскерте кетсек, перинаталдык борбордун имаратынын курулушу Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) гранттык каражаттарынын эсебинен каржыланууда. Перинаталдык борбор 203 орунга ылайыкташып, эл аралык стандарттарды эске алуу менен курулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version