Site icon Reporter.kg

Бишкекте жаңы жылдык салют атылбайт

Быйыл Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык майрамда салют атылбайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы жылдык салюттан баш тартууну сунуштаган.

Муниципалитет министрликтин сунушун колдой турганын кабарлап, мэриянын 2024-жылды тосуу майрамдык программасына салют атуу киргизилбегенин кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version