Site icon Reporter.kg

Бишкекте жаран 3-кабаттан секирейин деген, бирок белгисиз себептерден көчөдө каза болгон

Бишкекте жаран белгисиз себептерден улам каза болду. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 9-августта болжол менен саат 22:40та милицияга Жибек Жолу проспектисиндеги Кыргыз Улуттук университетинин имаратынын 3-кабатынан белгисиз жаран секиргени жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган милиция аталган жаран менен сүйлөшүүгө аракет кылган. Ал милицияга баш ийбей, көчө жакка чуркап чыгып, ары-бери чуркап, андан кийин өзүн жаман сезип каза болуп калган.

Учурда маркумдун өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Сүрөт: АКИпресс

Exit mobile version