Site icon Reporter.kg

Бишкекте жаран синтетикалык баңгизатты үйүндө жасап, сатууга шектелип кармалды

Бишкекте 20 жаштагы жаран үйүндө синтетикалык баңгизттарды жасап, андан кийин аларды «Телеграм» аркылуу сатып жүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 18-апрелде шаардын милиция бөлүмүнө Октябрь районун аймагында белгисиз азиат улутундагы жарандар ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизаттарды лаборатория аркылуу жазап, сатуу менен алектенип жүрүшөт деген маалымат келип түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 20 жаштагы У.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тинтүү иштери учурунда шектүүнүн үйүнөн химиялык каражаттар жана синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү үчүн жабдыктар, суюк прекурсорлору (жалпы салмагы 884-грамм), тараза, идиштер, респираторлор табылган.

Анын көрсөтмөсү боюнча, лаборатория аркылуу өндүрүлгөн синтетикалык баңгизаттарды ал кыстырмаларга бөлүштүрүп, жашыруун жерлерге катып, Telegram аркылуу координаттарын кураторуна жиберип турган.

Мындан тышкары, шектүүнун дарегинен синтетикалык “Альфа ПВП” аттуу 100 граммга жакын баңгизаттар табылган. Шектүү табылган баңгизаттарды «Telegram» мессенджеринен белгисиз жарандар аркылуу ишке кирип, айлык маянасын алып тургандыгын билдирген жана үйүнө лаборатория уюштуруп, ага берилген формула аркылуу буулантуу процессин жүргүзүү менен баңги каражаттарын өндүргөндүгу тууралуу көрсөтмө берген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Exit mobile version